УКТ мүчөсү аялы менен жаш жигиттерди “кылтакка илип”, акча опузалоо менен алектенген

УКТ мүчөсү аялы менен жаш жигиттерди “кылтакка илип”, акча опузалоо менен алектенген

“Женго” каймана аты менен таанымал кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМКнын маалыматы боюнча, шектүү катары кармалган 30 жаштагы Н.А. уулу өзүнүн А. аттуу жубайы менен жаш жигиттерди “кылтакка илип”, акча опузалоо менен алектенген. Анын жубайы “Одноклассники” аркылуу жаш жигиттер менен таанышып, алар менен жашыруун жолугушуу тууралуу макулдашкан. Жолугушууга аялдын жолдошу (А.Н. уулу) барып, өзүн “кызганчаак күйөө” катары көрсөтүп, жаш жигиттерди коркутуп-үркүтүү, сабоо жолу менен акча опузалаган.

Алсак, 9-январда аталган адам жолугушууга келген А.Н. аттуу жаранды сабап, Daewoo Nexia унаасын тартып алган. Андан соң 100 миң сом опузалаган.

Шектүү 12-январда Кызыл-Кыядагы “Алия” кафесинен кармалган.

Ошондой эле ал “коллектордук кызмат” деп аталган ишкерлерден опузалап акча “өндүрүү” менен алектенген. Буга чейин “Женго” каймана аты бар кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын назарына түшкөн.

Маалыматка ылайык, кармалган Н.А. уулу мурда бир нече жолу Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү), 168-беренеси (Каракчылык), 174-беренеси (Жашы жетпегенди кылмыш жасоого тартуу) боюнча соттолгон.

Учурда аталган ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>