Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Рейтингдик мелдеш: Айпери Медет кызы таймашты жеңиш менен баштады (видео)
13.01.2024 | 16:56
Кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы Zagreb Open рейтингдик мелдешиндеги биринчи беттешинде жеңишке жетти.
Ал таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи атаашдашы бейтарап туунун алдында чыгып жаткан россиялык Рита Талисманова болду.
Беттештин биринчи бөлүгүндө Айпери Медет кызы 2 упай алып, алдыга чыккан. Бирок атаандашы 4 упайлык ыкма жасап, Медет кызын артта калтырган. Экинчи бөлүктө Айпери Медет кызы россиялык спортчунун далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.
1/8 финалда ал канадалык Жюстина Ди Стасио менен кез келет.