Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Токмокто тургунду тапанча менен коркутуп, карактаган адам видеого түшүп калган
13.01.2024 | 12:30
Чүйдүн Токмок шаарында тургунду ок атуучу тапанча менен коркутуп, карактап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 11-январда болжол менен саат 19:00до болгон. 21 жаштагы жигит шаардагы автобекет жактагы жер алдындагы өтмөктөн өтүп баратканда белгисиз бирөө тапанча менен коркутуп, акчасын тартып алган.
Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 31 жаштагы В.А. аттуу жаран кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.
Кармалган адамдан анын тапанчасы алынып, экспертиза дайындалган.
Тергөө иштери уланууда.