Улуттук банк: Ички валюта рыногунда доллардын тартыштыгы байкалууда

Улуттук банк: Ички валюта рыногунда доллардын тартыштыгы байкалууда

Улуттук банк акыркы убакта ички валюта рыногунда накталай доллардын бир аз тартыштыгы байкалып жатканын билдирди. Бул өз кезегинде валюталык операциялар боюнча калктын болгон суроо-талаптарын толук канааттандырууга мүмкүндүк бербейт.

Улуттук банк белгилегендей, Кыргызстандан чет өлкө валютасын алып келүүгө/экспорттоого тыюу салынбагандыктан, алуучулар накталай түрдө ири көлөмдөгү АКШ долларын өлкө аймагынан сыртка чыгарып кетишкен. Бул Кыргыз Республикасынын финансы рыногунда накталай доллардын тартыштыгынын пайда болушуна шарт түзгөн.

«Мындай операцияларды жүргүзүүнүн негизги максаты – рубль менен АКШ долларынын курсунун айырмасынан улам алып-сатарлык киреше алуу. Бул Кыргызстандын айрым банктарын эл аралык акча которуу системаларынан акча каражаттарын алуу жагынан кардарларды тейлөөдөн убактылуу баш тартууга мажбур кылууда», — деп билдирди Улуттук банк.

Улуттук банк айрым коммерциялык банктар тарабынан алмашуу жана которуунун көлөмүнө коюлган чектөөлөр конкреттүү банкта накталай АКШ долларынын белгилүү бир жетишсиздиги менен байланыштуу экенин белгиледи. Улуттук банк тарабынан валюталык операцияларга, анын ичинде акча которуунун суммасына чектөөлөр жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>