РИИБ башчысынын орун басарынын жубайы зомбулукка кабылганын айтты. Акыйкатчы анын кызматта калышына суроо койдуБишкекте Шакиранын концертине шаардагы 6 жерден акысыз автобустар каттайтИшкерлерди текшерүүгө киргизилген мораторий ветеринардык көзөмөлгө жайылтылбайтЧикагодо Кыргызстандан барган жаранга сексуалдык зомбулук боюнча айып тагылдыКыргызстанда ресторандар менен мейманканалардын жүгүртүүсү бир жылда дээрлик 25%га өстүУКМК төрагасынын биринчи орун басары Авазов жана мурдагы саламаттык сактоо министри Досмамбетов кармалды
Кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат
22.09.2026 | 15:10

Кытайдын Улуттук күнүнө жана Күз ортосу майрамына байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, «Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү пункттарында төмөнкү күндөрү чек ара аркылуу жарандар жана транспорт каражаттары өткөрүлбөйт:
- 25-сентябрь саат 22:00дөн 26-сентябрь саат 08:00гө чейин;
- 1-октябрь саат 22:00дөн 4-октябрь саат 08:00гө чейин.
Чек ара кызматы жарандарды, жүк ташуучуларды жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларын сапарларды жана ташууларды ушул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен пландаштырууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом