Маматалиев президент шайлоо алдында эмне үчүн ыйгарым укуктарын токтотпой турганын түшүндүрдү

24.09.2026 | 14:22
Маматалиев президент шайлоо алдында эмне үчүн ыйгарым укуктарын токтотпой турганын түшүндүрдү — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын президенти жана Жогорку Кеңештин депутаттары алдыдагы шайлоого катышкан учурда өз ыйгарым укуктарын аткарууну токтотпойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин жыйынында билдирди.

Ал «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 21-беренесине шилтеме жасады. Ага ылайык, мамлекеттик саясий кызматты ээлеген талапкер көрсөтүлгөн учурдан тартып кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот. Бирок президент жана Жогорку Кеңештин депутаттары үчүн өзгөчө норма каралган.

Демек, учурдагы президент талапкер катары көрсөтүлгөн учурда мамлекет башчысынын милдеттерин аткарууну улантат. Жогорку Кеңештин депутаттары да шайлоого катышуу үчүн мандатын тапшырууга тийиш эмес.

Маматалиев бул норма боюнча, анын ичинде талапкерлер үчүн бирдей шарттарга байланыштуу суроолор жаралып жатканын белгиледи. Бирок анын айтымында, мындай практика буга чейин да колдонулуп келген.

«Биз деле VII чакырылыштын депутаттары болуп туруп, кийинки шайлоого кадимкидей эле депутат катары барганбыз. Бирок бул эч кандай артыкчылык берген жок. Жарымы өтүп келди, жарымы өткөн жок», — деди спикер.

Анын айтымында, ыйгарым укуктардын сакталышы мамлекеттик институттардын ишинин үзгүлтүксүздүгүн жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл. Өлкөдө пандемиядан тартып чек арадагы кырдаалга чейин ар кандай жагдайлар жаралышы мүмкүн. Ошондуктан мамлекеттик органдар шайлоо процессине карабастан өз милдеттерин аткарууну улантышы керек.

Маматалиев ошондой эле бул тартип «кечээ эле ойлоп табылган эмес» экенин белгилеп, мындай нормалар шайлоо мыйзамдарында буга чейин да болгонун айтты.

Scroll to Top