Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон коронавирус жуктуруп алганын айтты. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазыды.
“Соңку суткада коронавирустун белгилерин байкай баштадым.Тест тапшырганымда ооруну жуктуруп алганым ырасталды”, — деген ал «Твиттердеги» видео кайрылуусунда.
Буга чейин ханзаада Чарльз COVID-19 илдетинин жеңил түрүнө кабылганы айтылган.
Соңку маалыматтар боюнча дүйнөдө 549 миңден ашык адам коронавирус жуктуруп алса, 24 миңден ашыгы көз жумган.
Кыргызстанда бул ооруга чалдыккандардын саны 58 адамга жетти.