Жогорку Кеңеште кант кошулган суусундуктарга салыктын көлөмүн жогорулатуу сунушталды

17.06.2026 | 11:41
Жогорку Кеңеште кант кошулган суусундуктарга салыктын көлөмүн жогорулатуу сунушталды — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда кант кошулган жана энергетикалык суусундуктарга карата салык саясатын күчөтүү зарыл. Анткени кантты ашыкча колдонуу кант диабети, семирүү, жүрөк-кан тамыр жана онкологиялык оорулардын өсүшүнө алып келип жаткан негизги факторлордун бири болуп калды. Мындай билдирүүнү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Баатырова жасап, кант кошулган суусундуктардын калктын ден соолугуна жана өлкө экономикасына тийгизген таасири боюнча кеңири маалымат берди.

Депутаттын айтымында, бул маселе жөн гана тамактануу маданиятына байланышкан тема болбой калды. Ал бүгүнкү күндө коомдук саламаттыкты сактоодогу эң олуттуу чакырыктардын бири болуп саналат.

Баатырова белгилегендей, жугуштуу эмес оорулар Кыргызстанда өлүмдүн жана майыптыктын негизги себептеринин бири бойдон калууда.

2024-жылдагы маалыматтар боюнча республикада жалпысынан 31,7 миң адам каза болгон. Алардын ичинен 16,6 миңден ашыгы кан айлануу системасынын ооруларынан, 4 миңге жакыны онкологиялык оорулардан, болжол менен 2 миң адам дем алуу жана тамак сиңирүү органдарынын ооруларынан көз жумган. Дагы 2,1 миң өлүм табигый эмес себептерден улам катталган.

«Элдин ден соолугу тууралуу сөз болгондо биз оорукана жана дары-дармек менен эле чектелбешибиз керек. Бул оорулардын көпчүлүгү күнүмдүк жашоо образыбыздан жана тамактануу адаттарыбыздан келип чыгат. Бүгүнкү күндө эң олуттуу коркунучтардын бири — кантты ашыкча колдонуу болуп жатат», — деди депутат.

Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдө кант кошулган суусундуктарды өндүрүү, импорттоо жана керектөө көлөмү тездик менен өсүүдө. Айрыкча мындай суусундуктар жаштардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кеңири жайылып жатат.

Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, кант кошулган суусундуктарды үзгүлтүксүз колдонуу семирүүгө, экинчи типтеги кант диабетине, жүрөк-кан тамыр ооруларына, боор ооруларына, тиш кариесине жана башка көптөгөн ооруларга алып келет.

Ошол эле учурда мындай суусундуктардын азыктык баалуулугу дээрлик жок.

«Бул организмге пайдалуу заттарды эмес, ашыкча калорияны гана берет. Мындай суусундуктар суунун, сүттүн жана башка пайдалуу азыктардын ордун басып, туура эмес тамактануу маданиятын калыптандырат», — деп белгиледи Баатырова.

Жыл сайын өлкө ондогон миллиард сом жоготууда

Депутат жугуштуу эмес оорулардын экономикага тийгизген таасирине өзгөчө токтолду.

Анын айтымында, Кыргызстанда мындай оорулардын жалпы экономикалык жүгү жылына 29,8 миллиард сомду түзөт. Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 4,8 пайызына барабар.

Саламаттык сактоо тармагына кеткен түз чыгымдар 7,9 миллиард сомду түзсө, жоготуулардын эң чоң бөлүгү эрте өлүм жана эмгекке жөндөмдүүлүктүн төмөндөшү менен байланыштуу.

Жалпы чыгымдардын 60,5 пайызы дал ушул мөөнөтүнөн мурда каза болуу жана эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жоголушуна туура келет.

Баатырова абсентеизм жана презентеизм сыяктуу көрүнүштөрдү дагы мисал келтирди. Башкача айтканда, адамдар ооруп жумушка чыга албай калат же ден соолугу начар болсо да иштеп, мурдагыдай натыйжа көрсөтө албайт.

«Биз оорулардын медициналык кесепеттерин гана эмес, экономикалык чыгымдарын дагы көрүшүбүз керек. Мамлекет алдын алууга мүмкүн болгон оорулар үчүн жыл сайын өтө чоң каражат коротуп жатат», — деди ал.

Ар бир экинчи чоң кишиде ашыкча салмак бар

Депутаттын айтымында, семирүү маселеси да Кыргызстан үчүн олуттуу көйгөйгө айланды.

Расмий маалыматтар боюнча чоң кишилердин 56 пайызы ашыкча салмакка ээ, ал эми алардын 21 пайызы семирүүдөн жабыркайт.

Балдардын арасында дагы бул көрсөткүчтөр тынчсызданууну жаратат. Учурда балдардын болжол менен 13 пайызынын дене салмагы ашыкча.

Баатырова белгилегендей, кант кошулган суусундуктар «бош канттын» негизги булагы болуп саналат жана семирүүнүн, ошондой эле тиш кариесинин негизги факторлорунун бири болуп эсептелет.

«Семирүү баланын ден соолугуна гана эмес, анын психологиялык абалына дагы таасир этет. Көп учурда мындай балдар өздөрүн обочо сезип, теңтуштарынын арасында дискриминацияга же шылдыңдоого кабылышат. Бул дагы өтө олуттуу маселе», — деди ал.

Кант диабети улуттук чакырыкка айланууда

Депутат өз сөзүндө кант диабетинин өсүшүнө өзгөчө көңүл бурду.

Кыргызстанда чоңдор арасындагы кант диабетинин таралышы 5,9 пайызга жеткен. Ал эми 40 жаштан 69 жашка чейинки жарандардын арасында бул көрсөткүч 10 пайыздан жогору.

Учурда өлкөдө кант диабети менен ооруган 85 миңден ашуун адам расмий каттоодо турат.

Бирок Эл аралык диабет федерациясынын баалоосу боюнча оорулуулар саны иш жүзүндө 260 миңден ашат. Ал эми 2053-жылга чейин алардын саны 400 миңге жетиши мүмкүн.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ар бир онунчу чоң кишинин канындагы глюкозанын деңгээли жогору.

Кант диабети өнөкөт бөйрөк жетишсиздигинин, сокурлуктун жана буттарды ампутациялоонун негизги себептеринин бири болуп саналат.

«Диабеттин татаалдашууларынан жабыркаган бейтаптарга гемодиализ жүргүзүү үчүн эле мамлекет жылына болжол менен 2,5 миллиард сом коротуп жатат. Биз оорунун себептерин эмес, анын кесепеттерин каржылап жатабыз», — деп баса белгиледи Баатырова.

Керектөөчүлөр жашыруун канттын көлөмүн биле бербейт

Депутаттын айтымында, көпчүлүк адамдар күн сайын канча кант колдонуп жатканын аңдай беришпейт.

Кант кошулган суусундуктар рациондогу жашыруун канттын эң чоң булактарынын бири болуп калды.

Мындай суусундуктарды үзгүлтүксүз колдонуу кан басымдын жогорулашына, жүрөк-кан тамыр ооруларына, диабетке, айрым рак ооруларына жана бөйрөк ооруларына алып келиши мүмкүн.

Мындан тышкары, акыркы изилдөөлөр кантты ашыкча колдонуу психикалык ден соолукка дагы терс таасирин тийгизерин көрсөтүүдө.

Баатырова 6 айдан 23 айга чейинки балдардын арасында жүргүзүлгөн изилдөөнү дагы мисал келтирди. Анын жыйынтыгында балдардын 76 пайызы кант кошулган суусундуктарды колдонору аныкталган.

Маселенин экологиялык жагы дагы бар

Жыйын учурунда депутат кант кошулган суусундуктар өндүрүшүнүн айлана-чөйрөгө тийгизген таасирине дагы токтолду.

Анын айтымында, көлөмү 500 миллилитр болгон бир бөтөлкө суусундук өндүрүү үчүн 168 литрден 309 литрге чейин суу сарпталат.

Мындан тышкары, мындай продукциялардын көбү пластик идиштерге куюлат. Бул өз кезегинде экосистемалардын булганышына алып келет.

«Биз бул маселени адамдын ден соолугу менен гана байланыштырбашыбыз керек. Бул жаратылыш ресурстарын сактоо жана балдарыбыздын таза айлана-чөйрөдө жашоо укугун камсыз кылуу маселеси дагы болуп саналат», — деди депутат.

Акциздик салыкты 20 пайызга чейин жеткирүү сунушталууда

Баатырова белгилегендей, буга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин аянтчасында мамлекеттик органдардын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме өткөрүлгөн.

Анын жыйынтыгында кант жана туз көп камтылган азыктарга карата салык салуу механизмдерин киргизүү концепциясы жактырылган.

Саламаттык сактоо министрлиги кант кошулган жана энергетикалык суусундуктарга акциздик салыктын көлөмүн 2030-жылга чейин этап-этабы менен чекене баанын кеминде 20 пайызына чейин жеткирүүнү сунуштап жатат.

Депутат бул сунуш Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштарына толук жооп берерин айтты.

Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, баанын өсүшү керектөөнү азайтып, өндүрүүчүлөрдү продукциядагы канттын көлөмүн төмөндөтүүгө түртөт.

«Бул жерде тыюу салуу жөнүндө сөз жок. Максат — өндүрүүчүлөрдү пайдалуураак продукция чыгарууга, ал эми жарандарды ден соолукка пайдалуу тандоо жасоого үндөө», — деди Баатырова.

Салык канттын көлөмүнө жараша эсептелиши мүмкүн

Депутат сунуштап жаткан негизги механизмдердин бири — дифференцияланган салык салуу.

Ага ылайык, суусундуктагы ар бир 100 миллилитрге туура келген канттын көлөмү негизги көрсөткүч катары алынат.

Бул өндүрүүчүлөрдү канттын көлөмүн азайтууга түздөн-түз кызыктырат. Анткени кант азайган сайын төлөнүүчү салык дагы төмөндөйт.

Эсептөөлөргө ылайык, кант кошулган суусундуктардын баасынын 10 пайызга өсүшү алардын сатылышын орточо 16 пайызга кыскарта алат.

Ал эми баанын 40 пайызга көтөрүлүшү 25 жыл ичинде 60 миң семирүү учурунун жана 41 миң жаңы диабет учурларынын алдын алууга мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, калк үчүн кошумча 377 миң ден соолукта жашоо жылы сакталат.

Ошондой эле бюджеттик кирешелердин көлөмү ИДПнын азыркы 0,08 пайызынан 0,55 пайызына чейин өсүшү мүмкүн.

Тамактануу жана биотехнологиялар институтун түзүү сунушталды

Сөзүнүн соңунда депутат Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдында Тамактануу жана биотехнологиялар институтун түзүү демилгесин колдой турганын билдирди.

Анын пикиринде, бул мекеме илимди, билим берүүнү жана практикалык саламаттык сактоону бириктирген улуттук борборго айланышы керек.

Институт туура тамактануу боюнча илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп, оорулардын алдын алуу программаларын иштеп чыгып, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого көмөк көрсөтөт.

«Элдин ден соолугуна салынган инвестиция — өлкөнүн келечегине салынган инвестиция. Эгер бүгүн туура чечим кабыл алсак, эртең миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга, миллиарддаган сомду үнөмдөөгө жана балдарыбыздын ден соолугун коргоого жетишебиз», — деп жыйынтыктады Гүлнара Баатырова.

Ал кесиптештерин калктын, өзгөчө балдардын жана жаштардын ден соолугун коргоого багытталган демилгелерди колдоого чакырып, бул чечимдер өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү экенин белгиледи.

Scroll to Top