«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
«Үмүт берген искусство»: Улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде арт-сессиялардын күзгү сезону өтөт
16.09.2026 | 14:12

Бишкек шаарындагы Г. Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде «Үмүт берген искусство» аталышындагы арт-сессиялардын күзгү сезону уюштурулат. Иш-чаралар кыргыз тилинде музейдин экинчи кабатында өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Күзгү сезондун алкагында үч жолугушуу уюштурулат:
- 19-сентябрь — «Пейзажга эки көз караш». Клод Моне жана Иван Айвазовскийдин чыгармалары аркылуу суу, жарык, жаратылыш жана пейзаждын адамдын ички дүйнөсүн чагылдыруусу талкууланат.
- 24-октябрь — «Эмгек чыгармачылык катары». Винсент Ван Гог жана Осман Хамди-бейдин чыгармачылыгынын негизинде эмгек, адамдын кадыр-баркы жана өз жашоосун жаратуу темалары каралат.
- 28-ноябрь — «Аялдын үнү жана күчү». Артемизия Джентилески, Берта Моризо жана Мэри Кэссаттын чыгармачылыгы аркылуу аялдын өз үнүн табуусу, өз алдынчалыгы, тандоосу жана искусство аркылуу оюн билдирүүсү тууралуу сөз болот.
Министрликтин маалыматында, жолугушуулар жандуу диалог форматында өтүп, жеке ой жүгүртүүлөргө жана жаңы ачылыштарга түрткү берет.
Арт-сессиялар саат 14:00дө башталат. Кирүү акысы 300 сомду түзөт. Билеттер музейдин кассасында сатылат, алдын ала жазылуу талап кылынбайт.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: Маданият министрлиги