Эксклюзив

Улуттук банк: Кыргызстанда инфляция 2026-жылдын аягына чейин 15%га жетиши мүмкүн

16.09.2026 | 14:07
Нацбанк: инфляция в Кыргызстане к концу 2026 года может достичь 15% — Новости Кыргызстана

Кыргызстандын Улуттук банкы 2026-жылга карата инфляция боюнча божомолун өзгөртүүсүз калтырды: жыл аягына чейин бул көрсөткүч 15%га жетиши ыктымал. Бул тууралуу 2026-жылдын II кварталы үчүн акча-кредит саясаты боюнча отчетто, ошондой эле Улуттук банктын Reporter.kg басылмасынын суроо-талабына берген расмий жообунда айтылат.

Экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча инфляция биринчи кварталдагы 10,1%га салыштырмалуу 11,1%ды түздү, ал эми июнь айында жылдык мааниде 11,0%га жетти.

Баалардын өсүшүнө эмнелер таасир этүүдө?

Тышкы факторлордун катарында Улуттук банк геосаясий чыңалууну, дүйнөлүк товардык рыноктордун туруксуздугун жана энергия алып жүрүүчүлөрдүн баасынын өсүшүн белгилейт. Кыргызстан сыяктуу импорттон көз каранды чакан жана ачык экономика үчүн бул канал өзгөчө маанилүү — тышкы баалардын өзгөрүүсү тез эле ички бааларга таасирин тийгизет. Кошумча басымды Кыргызстан КММ импорттогон Россиянын мунай продуктулары рыногундагы кырдаал да жаратууда.

Ички факторлордун арасында — электр энергиясына жана турак жай-коммуналдык чарбага болгон тарифтердин жогорулашы, бюджеттик чыгымдар менен эмгек акылардын өсүшү, жогорку керектөөчүлүк жана инвестициялык активдүүлүк бар. Ал эми мөмө-жемиш жана жашылча продукцияларынын сезондук сунушу инфляцияны жарым-жартылай кармап турууда.

Июнь айындагы инфляциянын түзүмүндө баарынан көбүрөөк кызмат көрсөтүүлөр кымбаттады — дароо 18,9%га өсүп, баалардын жалпы өсүшүнө эң чоң салым кошту (4,5 пайыздык пункт). Алкоголь жана тамеки 12,1%га, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз ичимдиктер 9,2%га, азык-түлүк эмес товарлар 8,9%га кымбаттады. Айыл чарба малдарын сыртка чыгарууга чектөөлөр киргизилгенине карабастан, ички сунуштун чектелүүлүгү жана тоютка кеткен чыгымдардын өсүшү себептүү эттин баасы 17,5%га өстү.

Улуттук банк кандай чараларды көрүүдө?

Reporter.kg сайтынын суроо-талабына берген жообунда көзөмөл органы басым жасагандай: учурдагы баалардын кымбатташынын басымдуу бөлүгү ички акча-кредит саясатына эмес, монетардык эмес мүнөздөгү факторлорго — тышкы конъюнктурага жана геосаясий кырдаалга байланыштуу.

Улуттук банк монетардык саясатты 2025-жылдын июль айында эле катаалдатып, эсептик ченди 9%дан 12%га чейин көтөргөн. 2026-жылдын 24-августунда чен 12% деңгээлинде сакталды. 2026-жылдын май айынан тарта экономикадагы акчанын көлөмүн жөнгө салуу чаралары да күчөтүлдү.

«Көрүлгөн чаралар болбосо, инфляциялык басым кыйла күчтүүрөөк болмок. Акча-кредиттик катаал шарттар баалардын өсүшүнүн экинчилик таасирин чектөөгө жана инфляциялык күтүүлөрдү ооздуктоого өбөлгө түзөт. Ошол эле учурда учурдагы шарттар экономикалык активдүүлүккө олуттуу чектөөлөрдү жаратпастан, инфляциялык басымды басаңдатууга мүмкүндүк берет», — деп айтылат Улуттук банктын жообунда.

Экинчи кварталда калктын инфляциялык күтүүлөрү иш жүзүндөгү инфляциядан төмөн бойдон калды: үй чарбалары жакынкы 12 айда баалардын 9,7%га, ал эми ишканалар 5,7%га өсүшүн күтүшүүдө. Улуттук банктын пикиринде, бул керектөөчүлөрдүн этияттыгы сакталып калганын көрсөтүп, рыноктун жаңы баа соккуларына сезимталдыгын күчөтүшү мүмкүн.

ИДП боюнча божомол

Улуттук банк 2026-жылга карата экономикалык өсүш боюнча божомолду болжол менен 10% деңгээлинде сактап калды — бул биринчи кезекте курулуш, соода, ошондой эле ШКУ саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары аркылуу жанданган туризмдин эсебинен камсыздалат. 2027-жылы ИДПнын өсүшү 8,6% деңгээлинде күтүлүүдө.

Ал эми инфляциянын 5–7% өлчөмүндөгү максаттуу диапазонго кайтып келишин көзөмөл органы орто мөөнөттүү келечекте гана болжолдоодо.

Теги: Нацбанк
Scroll to Top