Кыргызстандагы алгачкы «Вкусно — и точка» «Россия» кинотеатрында ачылат

16.09.2026 | 14:39
Кыргызстандагы алгачкы «Вкусно — и точка» «Россия» кинотеатрында ачылат — Новости Кыргызстана

«Вкусно — и точка» компаниясы Бишкектеги алгачкы түйүнү жайгаша турган жерди жарыялады. Ал Чүй проспекти, 213 дарегиндеги «Россия» кинотеатрынын имаратында орун алат.

Учурда кинотеатрдын имаратында оңдоп-түзөө жана жасалгалоо иштери жүрүп жатат. Тармактын Кыргызстандагы алгачкы ишканасынын ачылышы болжолдуу түрдө 2026-жылдын аягына пландалууда.

«Вкусно — и точка» — Орусияда иш алып барган тез тейлөө ишканаларынын түйүнү. Компания күн сайын өлкө боюнча Калининграддан тартып Владивостокко чейин 2 миллиондой адамды тейлейт. Бүгүнкү күндө Орусиянын аймагындагы 67 региондо тармактын 990дон ашуун жайы ачылган. Алардын 100дөн ашыгы франшиза боюнча иштейт.
Кыргызстандагы алгачкы «Вкусно — и точка» «Россия» кинотеатрында ачылат — иллюстрация

Компаниядан такташкандай, «Система ПБО» ЖЧКсы жана «Алькрест Фуд» ЖЧКсы коммерциялык концессия келишимин түзүштү. Макулдашуунун шарттарына ылайык, «Алькрест Фуд» Кыргызстандын аймагында «Вкусно — и точка» франшизасын өнүктүрмөкчү.

Жакынкы беш жылда компания республикада ар кандай тейлөө форматтарындагы 15ке чейин жай ачууну көздөөдө. Түйүндү өнүктүрүүнүн алкагында 750гө жакын жумуш орундарын түзүү пландалууда.

Жаңы франчайзи-өнөктөштүн ишканалары «Вкусно — и точка» иш стандарттарына толук жооп берип, тармактын заманбап технологияларын колдонору жана кардарларды жогорку деңгээлде тейлөөнү камсыздай турганы кабарланууда.

«Вкусно — и точканын» төрт франчайзи-өнөктөшү бар: «Развитие РОСТ» ЖЧКсы, «Региональная Сеть Предприятий Питания» ЖЧКсы, «Кавказ и Точка» ЖЧКсы, ошондой эле Кыргызстандын «Алькрест Фуд» ЖЧКсы.

2022-жылы «Вкусно — и точка» Орусиядагы McDonald’s түйүнүнүн укук мураскери болгон.

Scroll to Top