USAID мугалимдерге электрондук планшеттерди берди

USAID мугалимдерге электрондук планшеттерди берди

АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) өлкө боюнча 1,6 миңден ашык мектептерге жана тийиштүү райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө электрондук планшеттерди тапшырды. Бул туурасында АКШнын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

Маалыматка караганда, бул планшеттер USAIDдин «Окуу керемет!» долбооруна катышкан мектептердеги мугалимдерге окутуу жана окуучулардын жетишкендиктерин баалоону жакшыртуу үчүн пайдалуу ресурстарды жана тиркемелерди камтыйт.

«Окуу керемет!» долбоорунун алкагында адабий окуу жана математиканы окутуу методикалары боюнча модулдар, окутуу жана стратегияларды колдонуу боюнча сунуштарды камтыган кыскача видео-сабактар жана өлкөнүн ар аймагында эмгектенген кесиптеш мугалимдер жана эксперттер иштеп чыккан сабактар иштелип чыккан.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору башталгыч класстарда адабий окуу жана математика сабактарын окутуу сапатын жогорулатууга багытталат. Долбоор Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта ишке ашырылат. Долбоор окуучуларды сапаттуу кошумча окуу материалдары менен да камсыз кылат жана ар бир бала үчүн билим берүү сапатын жогорулатуу максатында Министрлер кабинети менен кызматташат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>