Ушул аптада Кыргызстанга 550 кычкылтек концентратору келет

Ушул аптада Кыргызстанга 550 кычкылтек концентратору келет

Ушул аптада Кыргызстанга 550 кычкылтек концентратору келет. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Боронов учурда жасалма дем алдыруучу аппаратка караганда кычкылтек концентраторуна көбүрөөк муктаждык жаралганын белгиледи.

«Азыр бул маселе чечилип жатат. Жакынкы күндөрү эле кычкылтек концентраторлорун алууга жетиштик. Өткөн аптада бюджеттин эсебинен Кытайдан 500 кычкылтек концентратору алынды. Андан тышкары Өзбекстандан, Түркиядан келди. Ошондой эле Москвадага биздин ишкер жарандарыбыздын жардамы менен алынган аппараттар да иштетилип баштады. Бюджеттин эсебинен дагы кычкылтек концентраторлору алынууда. Эртең Кытайдан 250 кычкылтек концентратору келет. Андан кийин жума күнү 300 кычкылтек концентратору келет», — деди өкмөт башчы.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>