Лукашенко ШКУну Евразияда коопсуздуктун жаңы архитектурасын түзүүгө чакырды

Беларусь президенти Александр Лукашенко Бишкекте өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынында уюм учурдагы чакырыктарга жооп катары Евразияда коопсуздуктун жаңы архитектурасын калыптандыруусу керектигин билдирди.
ШКУнун ишинин негизги багыттарына токтолгон Лукашенко коопсуздукту биринчи артыкчылык катары атады. «Бул тармактагы чакырыктар күчөп баратат. Маалыматтык, дипломатиялык, финансылык-экономикалык жана башка санкциялык басым — бүгүнкү күндүн чындыгы», — деп билдирген ал, азыр түз аскердик агрессия да кайрадан демонстрацияланып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, буга жооп катары Евразияда ишенимдин жана кызматташтыктын жалпы мейкиндигин түзүү керек.
Беларусь президенти өлкө ШКУнун бир катар мамлекеттери менен бирге конкреттүү кадамдарды таштап жатканын — октябрда Беларуста ШКУга жана КМШга мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен машыгуулары менен жаңы форматтагы антитеррордук форум өтөрүн белгиледи.
Лукашенко ошондой эле ШКУ мамлекеттеринин коопсуздугуна болгон коркунучтарга каршы туруу боюнча универсалдуу борборду жана уюмдун Антинаркотикалык борборун тез арада ишке киргизүүнү кубаттап, бул терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүгө жардам берерине ишеним билдирди.
Ал өзгөчө кырдаалдар темасына өзүнчө токтолуп, чейрек кылымдын ичинде Беларусь 90го жакын эл аралык гуманитардык акцияларды өткөрүп, жабыркаган мамлекеттерге, анын ичинде ШКУ өлкөлөрүнө бир нече жолу издөө-куткаруу отряддарын жана авиациясын жөнөткөнүн белгиледи. Анын сөзү боюнча, кырсыктардын саны жана масштабы өсүп жаткандыктан, биргелешкен жигердүү аракеттер талап кылынат.
Лукашенко эмки жылы Минск эркектер жана аялдар арасында өрт-куткаруу спорту боюнча дүйнөлүк чемпионаттарды кабыл аларын эске салып, бул мелдештерге ШКУ өлкөлөрүнүн тиешелүү мекемелеринин жетекчилеринин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелери боюнча кеңешмесин өткөрүүнү сунуштады. Бул катышуучуларга тажрыйба алмашууга жана уюмдун аймагындагы кырсыктардын тобокелдигин азайтуу, калкты жана аймактарды коргоо, ошондой эле катастрофаларга мониторинг жүргүзүү жана аларды болжолдоо боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга шарт түзөт.