Усольехимпродон Таш-Көмүргө чейин: Росатомдун экологиялык технологиялары эл аралык колдонууда

Кыргызстанда Таш-Көмүрдөгү мурдагы «Кристалл» заводунда топтолгон экологиялык зыянды жоюу үчүн россиялык экологиялык технологиялар колдонулат. Бул долбоор эки өлкөнүн ортосундагы өнүгүп келе жаткан экологиялык кызматташтыктын натыйжаларынын бири болуп саналат. Технологиялык чечимдер «Росатомдун» буга чейинки татаал өнөр жай объектилери менен иштөө тажрыйбасын эске алуу менен иштелип чыккан, алардын ичинде “Усольехимпром” жана Байкал целлюлоза-кагаз комбинаты да бар.
Топтолгон экологиялык зыянды жокко чыгаруу жана татаал өнөр жай аянттарын калыбына келтирүү Россия менен өнөктөш-өлкөлөрдүн ортосундагы эл аралык технологиялык кызматташтыктын негизи болуп калууда. Аны 24-25-августта Иркутск облусунда өткөн эл аралык көчмө семинар тастыктады. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын тиешелүү илимий коомчулуктарынын, уюмдарынын, агенттиктеринин өкүлдөрү жана ЖМК мурдагы советтик ишканалар – «Усольехимпром» жана Байкал целлюлоза-кагаз комбинатынын мекемелеринде болушту. Алар бул жерде комплекстүү экологиялык калыбына келтирүү долбоорлору ишке ашырылышы менен таанышып, татаал экологиялык көйгөйлөрдү чечүү боюнча тажрыйба жана ийгиликтүү практика менен алмашышты.
Кыргызстан үчүн кооптуу химиялык объектилерден баштап, рекультивациялоону жана узак мөөнөттүү экологиялык көзөмөлдү талап кылган аймактарга чейин өзүнүн өнөр жай «мурастарынын» проблемасын чечүүгө Россиянын тажрыйбасы маанилүү болуп жатат. Буга мисал катары – Таш-Көмүрдөгү мурдагы “Кристалл” заводу, ал жерде топтолгон химиялык заттарды нейтралдаштыруу долбоору ишке киргизилген. Бул жерде болжол менен 15 жылдан бери аймакка жана калкка потенциалдуу коркунучун тийгизге 155 тоннага жакын уулуу химиялык заттар сакталып жатат.
2024-жылы «Росатомдун» адистери бул жерде техникалык жактан изилдөө жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында, бул жерди акырындык менен коопсуз абалга келтирүү чечими кабыл алынган. Биринчи этапта аварияга каршы жооп кайтаруу чаралары жана бул жерди даярдоо каралган. Андан кийин кооптуу химиялык заттар алынып, атайын технологияларды колдонуу менен жок кылынмакчы. Иш этап-этабы менен жүргүзүлөт: адистер басымды турукташтырышат, көзөмөлдөнгөн чөйрөдө резервуарларды ачышат жана чыккан газды нейтралдаштырат. Андан кийин химиялык заттарды алып чыгып, щелочтуу гидролиз аркылуу зыянсыздандырышат. Бул жерде комплекстүү экологиялык көзөмөл жүргүзүүнү ФМУИ “ФЭО” (“Росатом” мамкорпорациясынын мекемеси – Федералдык мамлекеттик унитардык ишканасынын “Федералдык экологиялык оператору”) жана Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулат. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги көз карандысыз экологиялык мониторинг жүргүзүп, адамдын ден соолугу үчүн коопсуздукту камсыздап, булгануу коркунучун азайтат.
«Кристалл» заводунун аймагында топтолгон экологиялык зыянды жоюу долбоору Россия менен Кыргызстандын ортосунда көп жылдык экологиялык кызматташтыкты улантып келет. 2026-жылдын жазында өлкөлөр мурдагы уран өндүрүүчү жайларын калыбына келтирүү боюнча тогуз жылдык программанын жыйынтыктарын чыгарышкан.
«Кыргыз Республикасында өнөр жайы булганган аймактарын калыбына келтирүү боюнча ири иштер жүрүп жатат, бул үчүн күчтүү компетенция жана заманбап технологиялар талап кылынат. "Росатомдун" татаал өнөр жай объектилерин коопсуз абалга келтирүү боюнча зор тажрыйбасы биздин бул маселени мүмкүн болушунча натыйжалуу чечишибизге шарт түзөт. «Кристалл» заводунун аянтчасындагы биргелешкен иш экологиялык тобокелдиктерди акырындык менен жокко чыгарып, тургундардын коопсуздугун камсыз кылууга жана аймакты андан ары калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Биз «Росатом» менен кызматташуубузду улантууга жана анын технологиялык компетенттүүлүгүн Кыргыз Республикасындагы экологиялык маселелерди чечүүдө колдонууга кызыкдарбыз», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев.
Таш-Көмүр долбоору –«Росатом» тарабынан КМШ өлкөлөрү менен кооптуу калдыктарды башкаруу жана топтолгон экологиялык зыян келтирүүчү объектилерди жок кылуу жаатында кызматташуу үчүн түзүлгөн институционалдык механизмдин алкагында эл аралык аянтчада татаал өнөр жай мурастарын башкаруу боюнча россиялык тажрыйбаны пайдалануунун практикалык мисалы.
Иркутск облусуна болгон сапардын жүрүшүндө россиялык адистер кыргызстандык кесиптештерине мындай жерлерди башкаруу боюнча комплекстүү чечимди көрсөтүү үчүн топтолгон экологиялык зыян келтирилген эки ири объектини мисал катары колдонушкан. Бул чечим булгануунун булактарын жана көлөмүн аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүүнү, тобокелдиктерди баалоону, булганган жерлерди бөлүп алууну, кооптуу заттарды коопсуз алып чыгып, нейтралдаштырууну, ошондой эле мониторинг жүргүзүү менен аймакты кийин тазалоону жана калыбына келтирүүнү камтыйт.
Иркутск облусундагы кыргыз адистерине көрсөтүлгөн негизги объектилердин бири мурдагы Советтер Союзундагы өнөр жайды активдүү өнүктүүчү мекеме «Усольехимпром» болду. Анын аймагы ондогон жылдар бою олуттуу экологиялык тобокелдиктердин булагы болуп келген. «Росатом» бул жерде да татаал химиялык өнөр жай мурастары менен күрөшүү боюнча маселени чечүүдө. Бул айлана-чөйрөгө топтолгон зыяндын кесепеттерин жоюунун алкагында учурда аталган объекттин аймагын коопсуз абалга келтирүү боюнча комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жүргүзүлүп жаткан иштерге кооптуу объекттерди, анын ичинде Таш-Көмүрдөгүдөй хлор камтыган компоненттери бар объекттерди демонтаждоо, булганган аймактарды изоляциялоо, шламтоптогучту жабуу, атайын технологиялык чечимдерди колдонуу жана экологиялык абалды туруктуу көзөмөлдөө кирет. Аткарылган иштердин натыйжасында, мамлекеттик мониторингдин маалыматына ылайык, 2025-жылы Усолье-Сибирское шаары абанын булгануу деңгээли өтө жогору болгон калктуу конуштардын тизмесинен чыгарылган.
Сапардын программасындагы экинчи объект — мурдагы Байкал целлюлоза-кагаз комбинаты. Мында «Росатом» ишканада пайда болгон шламдын үстүндөгү сууларды жана курамында щелочу бар агынды сууларды тазалоо боюнча заманбап технологиялык инфраструктураны түзүүдө. Тиешелүү ыкмаларды иштеп чыгууда Байкал жаратылыш аймагындагы экологиялык коопсуздукка коюлган жогорулатылган талаптар эске алынган. Бул жердеги негизги кыйынчылык – планетадагы эң байыркы жана эң терең уникалдуу Байкал көлү. Анда тоңбогон таза суунун дүйнөлүк запасынын болжол менен бештен бир бөлүгү топтолгон. Бул жерде тапшырма топтолуп калган булганууну жоюу менен гана чектелбейт, аймактын узак мөөнөттүү экологиялык коопсуздугун камсыз кылган системаны түзүү талап кылынат. Жалпысынан технологиялык тазалоодон болжол менен 788 миң куб метр булганган суу өткөрүлөт. Тазалоо иштери аяктагандан кийин аймактар рекультивация болуп, булгоочу заттардын жыйындысынын булактары обочолондурулат.
«Росатом» тарабынан «Усольехимпромдун» жана “Байкал целлюлоза-кагаз комбинатынын аймактарында ишке ашырылып жаткан долбоорлор жергиликтүү курч көйгөйдү гана чечпестен, тармак үчүн уникалдуу стандартты да калыптандырууда. Даяр методикалардын жоктугунан улам биздин адистер окумуштуулар менен биргеликте татаал өнөр жай объекттеринде топтолгон зыянды жоюу боюнча жаңы технологиялык жана регламенттик негиздерди иштеп чыгып жатышат. Бул чечимдерди ушундай эле көйгөйлөргө туш болгон башка өлкөлөрдө да колдонууга болот. Мындан тышкары, «Усольехимпром» аянтындагы тажрыйба Кыргыз Республикасынын Таш-Көмүр шаарындагы «Кристалл» заводунда кооптуу заттар менен иштөө боюнча биз сунуштаган ыкманын негизин түздү», — деди ФМУИ «ФЭО» башкы директору Максим Погодин.
Кыргызстандан барган адистер үчүн көрсөтүлгөн эки объект тең кооптуу булактарды жеринен жоюудан баштап, бузулган өнөр жай аймактарын комплекстүү калыбына келтирүүгө жана социалдык-экономикалык жактан кайра жандандырууга карай ырааттуу өтүүнүн маанилүү мисалы болду. Россиядагы жана Кыргызстандагы объекттердин өзгөчөлүктөрү ар башка болгону менен, алардын ишиндеги экологиялык милдеттери көп жагынан окшош. Татаал өнөр жай аймактары үчүн технологиялар, илимий экспертиза, кооптуу заттар менен коопсуз иштөө жаатындагы компетенциялар жана узак мөөнөттүү экологиялык көзөмөл талап кылынат. Мында ар бир объект үчүн өзүнчө технологиялар жана адистик компетенциялар керек. Ошондуктан өлкөлөрдүн тажрыйбасын бириктирүү өзгөчө маанилүү.
Семинардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын адистери мурдагы уран казып алуучу өндүрүштөрдүн аймактарындагы калдыктар сакталуучу жайлар менен иштөө, агынды сууларды тазалоо, суу ресурстарын коргоо жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы тажрыйбаларын айтып беришти. Айрыкча жарым өткөргүч кремнийди өндүрүүдөн калган кубдук калдыктарын зыянсыздандыруу маселелерине басым жасалды.
Өнөр жай мурасы калган, татаал объектилер, кооптуу заттары жана топтолгон калдыктары бар өлкөлөр үчүн Россиянын тажрыйбасы өзгөчө мааниге ээ болушу мүмкүн. «Усольехимпром», Байкал целлюлоза-кагаз комбинаты жана «Кристалл» сыяктуу объектилердин тарыхы ондогон жылдар бою химиялык булгануулар, топтолгон өндүрүш калдыктары, бузулган өндүрүш объекттери жана булгоочу заттардын мындан ары жайылуу тобокелдиктери бар татаал аймактарды көрсөтөт. Натыйжалуу экологиялык реабилитация үчүн бир гана технология эмес, аймакты изилдөөдөн жана илимий экспертизадан тартып, кооптуу заттарды зыянсыздандыруу, рекультивациялоо жана кийинки мониторингге чейин камтыган бүтүндөй система керек. Бүгүнкү күндө «Росатом» сунуштап жаткан дал ушундай комплекстүү компетенциялар өз алдынча технологиялык продукт болуп, айрым экологиялык долбоорлорду аймактын экологиялык жактан коопсуз болушуна жана аны мындан ары пайдаланууга шарт түзгөн жаңы технологиялык компетенцияга айланта алат. Кеп белгилүү бир аймакты гана калыбына келтирүү жөнүндө эмес, башка аймактарда жана өлкөлөрдө ушундай көйгөйлөрдү чечүүдө Россиянын тажрыйбасы эл аралык деңгээлде практика жүзүндө колдонулуп, андан ары өнүктүрүлүп жаткан комплекстүү ыкмалардын системасын түзүү жөнүндө болуп жатат. Россия менен Кыргызстан тажрыйба алмашуудан технологияларды биргелешип колдонууга өтүүдө.