Жээнбек Кулубаев БУУнун өкүлү Анналена Бербок менен эл аралык маселелерди талкуулады

29.05.2026 | 11:45
Жээнбек Кулубаев Анналена Бербок менен глобалдык күн тартибиндеги маселелерди талкуулады

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер, анын ичинде глобалдык коопсуздук чакырыктары, туруктуу өнүгүү, көп тараптуу кызматташтыкты бекемдөө жана саясий, ошондой эле социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүдө БУУнун ролун жогорулатуу боюнча пикир алмашышты.

Кулубаев маектешине Кыргызстандагы учурдагы кырдаал тууралуу маалымат берип, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн, инвестициялык климаттын жакшырышын, ошондой эле президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында ири инфраструктуралык жана аймактык долбоорлордун ишке ашырылып жатканын белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары Борбордук Азиядагы кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

ТИМ башчысы ынак коңшулук мамилелерди бекемдөөнүн, транспорттук, энергетикалык жана соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүнүн, ошондой эле биргелешкен аймактык долбоорлорду илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде Бербок сакталып жаткан глобалдык саясий жана экономикалык чакырыктардын шартында Кыргызстандын экономикалык өнүгүү динамикасына оң баа берди.

Ошондой эле ал Борбордук Азияда мурда болгон көйгөйлүү маселелерди жөнгө салуу боюнча жетишилген макулдашууларды белгилеп, бул тажрыйба дүйнөнүн башка аймактары үчүн үлгү боло аларын баса белгиледи.

Мындан тышкары, БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрайымы БУУга мүчө мамлекеттер тарабынан консенсус менен жактырылган, Кыргызстан демилгелеген «Чек ара талаш-тартыштарын тынчтык жолу менен чечүү» резолюциясынын кабыл алынышын кубаттады.

Scroll to Top