Башкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтарды

20.10.2026 | 15:14
Башкы прокуратура автоунаа алдамчылыгына айыпталган жаранды Молдова өлкөсүнөн кайтарды — Новости Кыргызстана

Молдовадан Кыргызстанга эл аралык издөөдө жүргөн А. Р. аттуу жаран экстрадицияланды. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка айыпталууда. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. Өлкөгө келгенден кийин ал тергөө абагына киргизилди.

Тергөө маалыматына ылайык, айыпталуучу жарандардын ишениминен пайдаланып, автоунааларды сатып алуу-сатуу келишимдерин түзүү шылтоосу менен алардын акчасын алдамчылык жолу менен ээлеп алган. Жабырлануучуларга келтирилген зыян 15 млн сомдон ашкан.

Башкы прокуратура тергөө жана соттон чет өлкөдө жашырынып жүргөн адамдарды издөө жана экстрадициялоо иштерин улантып жатканын, ошондой эле жабырлануучулардын укуктарын коргоого аракет кылып жатканын билдирди.

Scroll to Top