Пашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алынды

20.10.2026 | 15:27
Пашинян Жапаровду Казакстандын президенти деп жаңылыш атады — протокол кызматынын башчысы иштен алынды — Новости Кыргызстана

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Мамлекеттик протокол кызматынын башчысы Гагик Ваноянды ээлеген кызматынан бошотту.

Белгилей кетсек, 17-октябрда Армениянын премьер-министри Ереванда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровду кабыл алган.

«Баарынан мурда, мен Казакстандын президенти Садыр Жапаровду Арменияда тосуп алганыма кубанычтамын», — деген Пашинян кагаздан текстти окуп жатып.

Армян ЖМКларынын маалыматы боюнча, Ваноян Мамлекеттик протокол кызматын 2022-жылдын декабрынан бери жетектеп келген. Пашинян аны бул кызматка кайрадан дайындаган.

Бул кызмат жогорку даражалуу делегациялардын Арменияга болгон сапарларын протоколдук жактан даярдоого жана өткөрүүгө, ошондой эле расмий эл аралык иш-чараларды уюштурууга жооп берет.

Армян маалымат каражаттары дал ушул катаны Ванояндын кызматтан кетишинин негизги себептеринин бири катары аташууда.

Scroll to Top