Министрлер кабинетинде кыргыз тили боюнча тестирлөөнү кеңейтүү тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов 2026-жылдын 19-августунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык мыйзамдын жана мамлекеттик тил саясаты жаатындагы Министрлер кабинетинин тиешелүү токтомдорунун аткарылышы менен таанышты.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана анын түзүмдүк мекемелеринин — «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун, Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун, ошондой эле «Кыргыз тили» гезитинин жетекчилери менен жолугушту.
Жолугушууда мамлекеттик тилди окутуу жана билүү деңгээлин баалоо, терминологиялык базаны өркүндөтүү, окуу-методикалык материалдарды даярдоо, ошондой эле котормо жана редактордук иштердин сапатын жогорулатуу маселелери талкууланды.
Маматканов мамлекеттик тилди билүү деңгээлин баалоо жүргүзүлгөн «Кыргызтест» тест борборунун иши менен да таанышты. Тиешелүү токтом кабыл алынгандан кийин тестирлөөдөн өтүүгө болгон суроо-талап көбөйгөнү белгиленип, буга байланыштуу тестирлөөнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жана борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча сунуштар айтылды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Маматканов мамлекеттик тилди окутуунун практикалык ыкмаларын кеңейтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кыргыз тилин практикалык колдонуу деңгээлин жогорулатуу, тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, ошондой эле терминологиялык жана котормо иштеринин жана «Кыргыз тили» гезитинин ишинин сапатын жогорулатуу зарылдыгын белгиледи.
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасына мамлекеттик тил саясатын ишке ашыруу боюнча иштерди координациялоону күчөтүү жана комиссиянын түзүмдүк мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү тапшырылды.