Ветеринардык дары-дармектерди даярдап саткан топ кармалды

Ветеринардык дары-дармектерди даярдап саткан топ кармалды

Ветеринардык жасалма дары-дармектерди жашыруун өндүрүп, сатып келген адамдардын тобу аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Аталган топ бодо малды, жандыктарды жана жылкыларды дегельминтизациялоо үчүн (паразиттерге каршы дарылоо) каттоодон өтпөгөн жана тийиштүү түрдө катталбаган ветеринардык дары-дармектерди узак убакыт бою мыйзамсыз даярдоо жана сатуу менен электенген.

Дарылар өндүрүш техникалык стандарттарды жана шарттарды сактабастан, боёкторду жана жыпар жыттуу заттарды кошуу жолу менен жасалып, тийиштүү сертификаты жана башка уруксат кагаздары жок ветеринардык дарыкана аркылуу сатылган.

Ветеринардык дары-дармектерди жана тоют кошумчаларын каттоо жана сертификациялоо департаменти тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, бул препараттар ветеринардык-санитардык нормаларга, микробиологиялык жана химия-токсикологиялык коопсуздукка жооп бербейт жана сапатсыз деп табылды. Дары-дармектерди пайдалануу республикадагы эпизоотиялык абалга терс таасирин тийгизет.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ветеринардык препараттарды чыгаруучу цехтер, кампалар жана ветеринардык дарыканалар аныкталып, алардан 300 кутудан ашык сапатсыз ветеринардык дары-дармектер, ошондой эле аларды даярдоо учун колдонулган чийки заттар жана материалдар алынды.

Учурда тергөө тарабынан дары-дармектердин базар баасы, ошондой эле бул адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү жана бул ишке тиешеси бар адамдар аныкталууда.

Тергөөнүн жыйынтыгында алардын аракеттерине мыйзамдуу негизде юридикалык баа берилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>