Вице-мэр: Бишкек шаарына “узун келбеттүү” автобустар келет

Вице-мэр: Бишкек шаарына “узун келбеттүү” автобустар келет

Кытай автобустары Бишкектин көркүн бузуп жатат. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов парламентте билдирди.

Кытай автобустары маршруттук бусиктерден бир аз эле чоңураак болуп шаардын көркүн бузуп жатат. Автобус деген автобустай болушу керек да… Азыр кайсы стандарттарда автобус алалы деп жатасыңар? Узун-туурасы канча?”— деген суроо менен Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Бишкек шаарынын вице-мэри Максатбек Сазыкуловго кайрылды.

Ал эми вице-мэр Сазыкулов депутаттын суроосуна жооп берип жатып, жаңылышып туура эмес жооп берип алды окшойт.

120-130 даанасы 10,5 метрликтер болот. 100-110 даанасы 12 метрлик болот. Сиз айткандай кыска эмес, “узун келбеттүү” автобустар келет. Бардыгын 12 метрлик автобустарды алалы деп жаттык эле, бирок, адистер менен кеңешип отуруп, чоң жолдорубуз 100-110 автобус бата тургандай эле”— деп жооп берди Сазыкулов.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>