Дары өсүмдүктөрүн Кыргызстандын айыл чарба өндүрүшүнө киргизүү пландалууда«Супара-2деги» өрт: үч адам жабыркады — Саламаттык сактоо министрлиги5-ноябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондоруна кар жаайтЭкономика министрлиги алкоголдук ичимдиктерге акцизди жогорулатуу долбоорун кайтарып алдыЕАЭБ Пакистан менен эркин соода жөнүндө макулдашуу түзүүнү карап жатат«Көчөдө жашап, идиш жуучумун, эми өз үйүм болот» — Игорь Беляев
Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн дайындады
24.09.2026 | 10:43

Жогорку Кеңештин 24-сентябрдагы жыйынында депутаттар «Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун дайындоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоорун карап, кабыл алышты.
Өлкө президеттигин шайлоо 27-январга дайындалды.
Токтомдун долбоору боюнча маалыматты Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева тааныштырды. Ал президентти шайлоо Жогорку Кеңештин токтому менен дайындаларын, ал эми кезектеги шайлоо учурдагы президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаган жылдын январь айынын төртүнчү шаршембисинде өткөрүлөрүн баса белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: выборы