Дагы бир депутат чет өлкөлүктөр үчүн карын энеликке тыюу салууну сунуштады

23.09.2026 | 12:07
Дагы бир депутат чет өлкөлүктөр үчүн суррогат энеликке тыюу салууну сунуштады — Новости Кыргызстана

Кыргызстанда карын энелик тармагын жөнгө салууга жана аялдар менен балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө карын энелик кызматтары, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар үчүн да көрсөтүлүүдө. Бирок депутат бул тармак мыйзамдар менен жетиштүү деңгээлде жөнгө салынбаганын жана иш жүзүндө тийиштүү көзөмөл жок экенин белгиледи.

Мамытовдун айтымында, ортомчулар карын эне болууга даяр аялдарды таап, алар менен төлөнө турган акчанын өлчөмүн сүйлөшүп, нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимдерди түзүшөт.

Ошол эле учурда бул ишмердүүлүктүн масштабы жана канча келишим түзүлүп жатканы тууралуу так маалымат жок.

«Чынында абал кандай экенин билбейбиз, анткени көзөмөл жок», — деди ал.

Депутат келишим түзүлгөндөн кийин аялдарга убадаланган сумма толук төлөнбөй калган учурлар да бар экенин билдирди. Анын айтымында, баланы алуудан баш тарткан заказчылар да болгон.

«Мындай учурда баланын мындан аркы тагдыры кандай болот, эненин тагдыры эмне болот — бизге белгисиз», — деди Мамытов.

Анын айтымында, карын энелик маселеси мамлекеттик деңгээлде талкууланып жатат. Атайын мекемелер аралык комиссия түзүлүп, депутаттар ар түрдүү тармактардын адистеринин катышуусунда комиссия менен биргеликте талкуу өткөрүшкөн.

Мамытов бир жагынан медициналык туризмдин өнүгүшүнө тоскоолдук кылбаган, экинчи жагынан аялдар менен балдардын укуктарын коргоону камсыз кылган мыйзамдык нормаларды иштеп чыгуу зарыл деп эсептейт.

Тиешелүү мыйзам долбоору учурда иштелип жатат. Жакынкы убакта аны коомдук талкууга чыгаруу пландалууда. Мамытов адистерди жана коомчулукту документти талкуулоого активдүү катышып, өз сунуштарын берүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, буга чейин ушундай эле мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Болот Ибрагимов жана Чынгыз Ажибаев иштеп чыгышкан. Алар карын энелик боюнча келишим түзүүгө Кыргызстандын жарандарына гана уруксат берүүнү сунушташууда. Кыргызстандын жараны чет өлкөлүк жаран менен расмий никеде турган учурларга гана өзгөчө шарт каралган.

Scroll to Top