Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй аймактык башкармалыгына караштуу «Белең-Теке» коругунда кызматкерлер жолдо бараткан ак илбирсти тартып калышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Аталган корук Бишкектен 60-80 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Коруктун кызматкерлери ак илбирсти 17-апрелде саат 14:00дордо тартып калган. Ак илбирс кишилерди көргөндө тоо беттей качып кеткен.