Видео: Оорукана жана дүкөндөрдө уурулук кылган шектүү кармалды

Видео: Оорукана жана дүкөндөрдө уурулук кылган шектүү кармалды

Ош шаарында ооруканалардан жана дүкөндөрдөн телефон уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарындагы облустар аралык бириккен клиникалык ооруканада дарыланып жаткан 42 жаштагы бейтаптын iPhone 14 Pro Max телефону уурдалган. Бейтап уктап жатканда белгисиз жаран анын палатасына кирип, телефонун уурдап кеткен. Бул боюнча аталган жаран милицияга арыз жазган.

Андан тышкары уурулук фактысы боюнча дагы 7 адамдан арыз түшкөн. Уурулук ооруканада жана дүкөндөрдө жасалган. Кылмышкер түнүндө палатада жаткан бейтап же дүкөндө отурган сатуучу үлгүрөп кеткенде, телефон жана акчаларын уурдап жүргөн.

Милиция бул ишке шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 39 жаштагы Ш.М. аттуу жаранды кармады. Учурда анын үстүнөн 8 уурулук фактысы боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Ал акыркы ирет Ош облустук жана шаардык ооруканалардын палаталарына кирип, уурулук жасагандыгы үчүн кармалып, соттолуп чыккан.

Шектүү соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Азыр анын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар же жоктугу текшерилүүдө.

Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>