“Уктай элек болчумун”. Жапаров ЖЭБтеги кырдаал боюнча маалымат берди

“Уктай элек болчумун”. Жапаров ЖЭБтеги кырдаал боюнча маалымат берди

Бишкек жылуулук электр борборунда абал оор. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров маегинде айтты.

Өлкө башчысы түнү менен кырдаалды көзөмөлгө алып, кырсык болгон жерге тийиштүү орган башчыларын жөнөткөнүн билдирди.

“Абал оор эле. Жарылуу болгон учурда мен уктай элек болчумун. Чет өлкөдөн учуп келе жаткан мэр мага чалып, аропорттон эле ЖЭБди көздөй бет алганын айтты. Мен дароо өзгөчө кырдаалдар министрин, саламаттыкты сактоо министрин ойготуп, ал жакка жөнөттүм. Ташкентте жүргөн энергетика министрин Бишкекке чакырдым”, — дейт ал.

Садыр Жапаров кырсыктын кесепети тез арада жоюларын белгилейт.

Анын пикиринде, ЖЭБти модернизациялоого бөлүнгөн акча натыйжасыз сарпталган. Борборду толугу менен кайра оңдоп чыгуу тапшырылды.

“386 миллион долларга чала-була бирдеме кылбастан, эски ЖЭБди ийне-жибине чейин оңдоп койсо болмок. Же кошуна өлкөдөгүдөй 300 миллион долларга жаңысын куруп коюш керек эле. Ал эми «жаңы блоктор курулбаганда абал мындан оор болмок» дегендер – бет тырмарлык кылгандар. “Кылгылыкты кылып коюп, кыл жип менен бууп коюп”, мыйыгынан күлүп олтургандар”, — дейт президент.

Садыр Жапаровдун божомолунда кырсыкка техникалык катачылык дагы себеп болушу мүмкүн.

“Шабыркүл күчтүү көмүр экенин эске албай Кара-Кечени жаккандай эле жага беришип, температура көтөрүлүп кетип, жарылуу болдубу деген ойдо турам”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажибеков Камчыбек Ташиевдин божомолу менен диверсия версиясы дагы каралып жатканын айткан.

ЖЭБдеги кырсык: Ташиев диверсия болушу мүмкүндүгүн айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>