Баңгизат саткандардын сабалышы боюнча иш козголду. Окуянын видеосу

Баңгизат саткандардын сабалышы боюнча иш козголду. Окуянын видеосу

Баңгизаттарды саткан адамдарды уруп-сабоо видеосу боюнча өзгөчө оор кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бул факт боюнча ИИМдин Баңгизаттын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү кызматы кылмыш ишин козгоп, бардык зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз.

«Баңгизаттарын сатуучуларды сабап жаткан видео Интернет мейкиндигине жайылууда. Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызмат республикада жана анын чегинен тышкары жашаган жарандарга туруктуу негизде кайрылат, андыктан жеңил эмгек акы сунуштаган шектүү шилтемелер боюнча өтүүдөн сак болууңуздарды маалымдайбыз.

Бул багытта бардык зарыл болгон маалыматтык-түшүндүрүү кампаниясы жүргүзүлүүдө, бирок буга карабастан жарандар жумуш издеп баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө тартылууда. Баңги кылмыштары дүйнөсү өтө катаал! Шектүү эмгек акы сизди жана жакындарыңызды бузушу мүмкүн», — деп билдирет министрлик.

Баңги кылмышынын курмандыгы болгондор «Бишкек шаары, Токтогул көчөсү, 80» (Тел.: 660616, 660244) дареги боюнча милицияга кайрыла алышат. Анонимдүүлүк кепилденет.

Министрликтен белгилешкендей, Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде каралган кылмышты жасаган адам баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ыктыярдуу өткөрүп берсе жана баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга же аларды болтурбоого, аларды жасаган адамдардын бетин ачууга, кылмыштык жол менен алынган мүлктү табууга көмөк көрсөтсө, ушул беренеде каралган жосундар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.

«Адамды кармаганда, ошондой эле аларды табуу жана алып коюу боюнча тергөө амалдары жасалганда баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун өткөрүп берүү ыктыярдуу деп таанылбайт», — деп белгилейт ИИМ.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>