Бишкекте кичи футбол боюнча «Евразия Кубогунун» экинчи турнири өттүБишкекте ШКУ өлкөлөрү «Жашыл технологиялык коридорду» түзүүнү макулдашышты«Амели» тасмасынын жылдызы Одри Тоту Бишкектеги кинофестивалдын ардактуу коногу болотКыргызстан менен Түштүк Корея экспортту жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү макулдашты23-майга карата аба ырайыСалт эмес, трагедия: ала качууну кайтарууга кимдер аракет кылууда
Видео — Уханда кытайлык казак дарыгери бейтаптарга «кара жорго» бийлеп берди
13.02.2020 | 12:10
Кытайдын Ухань шаарында этникалык казак Бахаргүл Бүдаш коронавирус жуктурган бейтаптарга «кара жорго» бийлеп берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазып чыкты.
Учурда дарыгердин бийлеп жаткан видеосу интернетке жарыяланып, байтаптардын көңүлүн көтөргүсү келген дарыгерге карата жылуу пикирлер айтылууда.
Жакында эле кытай бийлиги өлкөнүн бардык аймагынан дарыгерлерди жыйнап, Ухан шаарына жиберген.
35 жаштагы хирург Бахаргүл Бүдаш Кытайдын Синьцзян аймагынан Ухан шаарына барган.
Соңку маалыматка караганда, Кытайда вирусту жугузуп алгандардын саны 47 миң адамга жетип, 1369 адам жашоо менен кош айтышкан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар