Эмгек министрлиги: Аномалдуу ысыкка байланыштуу жумуш убактысын кыскартуу Эмгек кодексинде каралган эмесЫсык-Көлдөгү тазалоочу курулмалардын жанындагы эреже бузуулар боюнча кылмыш иши козголдуБишкекте мектеп окуучусун сүзүп, өлүмгө дуушар кылган автобустун айдоочусу кармалдыЧоң-Алай районунда 1,4 миң гектар жерди сугаруу үчүн канал курулуудаКызматтык видеонун сыртка чыгып кетиши: Чек ара кызматы иликтөө баштадыБишкекте зыяндуу заттарды ченемден ашык бөлүп чыгарган унаалардын айдоочуларына айып пул салынды
Видео — Уханда кытайлык казак дарыгери бейтаптарга «кара жорго» бийлеп берди
13.02.2020 | 12:10
Кытайдын Ухань шаарында этникалык казак Бахаргүл Бүдаш коронавирус жуктурган бейтаптарга «кара жорго» бийлеп берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан басылмасы жазып чыкты.
Учурда дарыгердин бийлеп жаткан видеосу интернетке жарыяланып, байтаптардын көңүлүн көтөргүсү келген дарыгерге карата жылуу пикирлер айтылууда.
Жакында эле кытай бийлиги өлкөнүн бардык аймагынан дарыгерлерди жыйнап, Ухан шаарына жиберген.
35 жаштагы хирург Бахаргүл Бүдаш Кытайдын Синьцзян аймагынан Ухан шаарына барган.
Соңку маалыматка караганда, Кытайда вирусту жугузуп алгандардын саны 47 миң адамга жетип, 1369 адам жашоо менен кош айтышкан.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар