Видео: Ысык-Көлдө топ кыздар эки кызды сабаган. Милиция үн катты

Видео: Ысык-Көлдө топ кыздар эки кызды сабаган. Милиция үн катты

Ысык-Көл облустук милициясы көл жээгинде бир нече кыздын эки кызды сабап жатканы тартылган видео боюнча маалымат берди.

Милициядан билдиришкендей, окуя быйыл 3-июлда Бостеридеги «Золотые Пески» пансионатында көл жээкте болгон. Аталган факт боюнча милицияга Чырпыкты айылынын 22 жаштагы тургуну кайрылган. Ал билдиргендей, белгисиз кыздар аны жана курбу кызын сабап, iPhone 11 Pro телефонун тартып алган. Келтирилген материалдык зыян 48 миң сомду түзгөн.

Атлаган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Милиция шектүү катары 16-17 жаштагы С.Г., А.К., Т.А., Т.П., Б.З. жана К.А. аттуу кыздарды кармаган. Алдын ала суракта алар күнөөсүн мойнуна алышкан.

Милициядан билдиришкендей, алардын баш коргоо чарасы каралганда, сот кармалган кыздарды үй камагына чыгарган. Бирок Т.А., Т.П. жана Б.З. аттуу кыздар тергөөгө келүү талаптарын бир нече жолу бузгандыктан, тергөөчүнүн өтүнүчү менен сот аталган үч кызды 1-сентябрга чейин камакка алган.

«Козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүп, кармалгандардын башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы тешекрилүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>