Видео: Жалал-Абадда жаш жигит тургунга 8 жолу бычак сайган. Окуянын чоо-жайы

Видео: Жалал-Абадда жаш жигит тургунга 8 жолу бычак сайган. Окуянын чоо-жайы

Жалал-Абад шаарындагы ресто-бардын алдында жаш жигит 35 жаштагы жаранга бир нече жолу бычак сайып, ал ооруканага түштү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 7-сентябрга караган түнү болжол менен саат 01:40та Жалал-Абаддагы түнкү клубдардын биринде болгон. 35 жаштагы жаранга белгисиз жаш жигит бир нече жолу бычак сайып, анын айынан жабыркаган адам Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин (адам өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Милиция кылмышка шектүү катары Сузак районунун Таш-Булак айыл аймагынын 19 жаштагы Б.Б. аттуу тургунун кармаган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Reporter.kg’ге өздүк булактар билдиргендей, 35 жаштагы жабырлануучуга 8 жолу бычак сайылган. Аталган жаран түнкү клубга жубайы жана тууган кыздары менен барган. Тууган кыздары бийлеп жатканда, алардын жанына жаш балдар келип, бийлей баштаган. Ошондо 35 жаштагы жаран балдарга келип, ал кыздар тууганы экенин айтып, алар менен бийлебегиле деген. Ошол учурда алардын ортосунда чыр жаралып, алар сыртка чыгышкан. Сыртка чыккандан кийин жаш жигит 35 жаштагы жаранга бычак сайып жиберген.

Жабырлануучу Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө оор абалда түшүп, учурда өзүнө келген. Абалы орто деп бааланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>