Ымыркайы ооруканада жаткан аялдын кармалышы. Акыйкатчы институту үн катты

Ымыркайы ооруканада жаткан аялдын кармалышы. Акыйкатчы институту үн катты

Акыйкатчы институту ымыркайы ооруканада жаткан аялдын (К.А.) милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, соттун чечими менен камакка алынышы боюнча үн катты.

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери тарабынан кармалган К.А. аттуу аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырды.

«Буга чейин кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери кызынын ымыркай баласы бар экенине карабай кармап кетип, анын укугун бузганы тууралуу ЖМКга билдирген. Милиция берген маалыматка таянсак, аял издөөдө жүргөн жана аны Кылмыш кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кармашкан.

Акыйкатчынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган К.А.га барышты. Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айтты», — деп билдирет Акыйкатчы институту.

Институттун кызматкерлери Бишкектеги аялдын баласы жаткырылган оорукананын жетекчилиги менен байланышкан. Дарыгерлердин аайтымында, баланын абалы оор, ал реанимация бөлүмүндө жатат.

«Акыйкатчы институту бала менен аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат. Институттун кызматкерлери К.А.нын ишин мониторинг кылууну улантат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, Акыйкатчы институнун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова баш коргоо чарасын кабыл алууда К.А.нын баласынын абалы оор экенин, учурда ага апасы абдан керектигин эске алуу зарыл экенин белгилеп сотко кайрылды.

«Кармалган аялдын жашы элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандап алууга чакырабыз», — дейт Токтосунова.

Эскерте кетсек, камакка алынган аялдын апасы Нуржамал Исакбаева 6-сентябрда маалымат жыйын өткөрүп, милиция 1,5 айлык баласы бар кызын кармап кеткенин билдирген. Исакбекованын айтымында, кызы Айганыш.К Ошто ишкерчилик менен алектенип, балдардын кийимин дүңүнөн сатып иштеген. Ал 5 баланын энеси. Учурда кызынын кичинекей ымыркайы оор абалда ооруканада жатат: бала ара төрөлүп, учурда Бишкектеги балдар ооруканасында жасалма деп алдыруучу аппаратка кошулган.

«Ал боюнда болгон учур оор өткөндүктөн (Оштон — ред.) Бишкекке келген. Баласы реанимацияга жаткырылгандыктан, кызым бул жакта калып, калган балдарын да борбор калаага алып келүүнү пландаган. Менин кызым милициядан качкан эмес, телефон чалышканда дайыма жооп берип турган. Анын телефону өчүк болгондуктан, тергөөчү аны издөөгө жарыялаптыр», — деген ал.

Шектүү катары кармалган аялдын балдарынын айтымында, милиция апасын аэропорттон алардын документтерин алганы келгенде кармаган.

Исакбекова билдиргендей, кызы алдамчылыкка шектелүүдө. Анын үстүнөн арызды бизнес өнөктөшү жазган. Ал энеси ымыркайдын жанында болушу керектигине карабай, милиция кызын кармап, сот 15 күнгө камакка алганын билдирген.

Ал эми милициянын маалыматы боюнча, аталган аял (Айганыш К.) ири суммадагы алдамчылыкка шектелүүдө. Анын үстүнөн милицияга Ош шаарынан 4 адам жана Бишкектен 1 адам арыз жазган. Ош шаарындагы жабырлануучулар Айганыш. К.га 538 миӊ, 40 миӊ, 50 миӊ жана 70 миӊ доллар (жалпы суммасы 698 миӊ доллар) беришкен. Шектүү аларга ири партиядагы балдар кийимин жана иштеп жаткан тигүү цехин сата турганып айтып, алдап кеткен. Ал эми Бишкекте арыз жазган адам 300 миӊ доллардан ашык акчасын берип, алданып калганын билдирген.

Милициядан билдиришкендей, Айганыш.К. тергөөчү тарабынан бир нече ирет чакырылгандыгына карабай, суракка келбестен, өзү жашап турган Өзгөн районунан Бишкек шаарына качып кеткен. Шектүү аял жаӊы төрөгөн баласын Бишкектеги ооруканага таштап, Түркияга качуу үчүн аэропортко келгенде кармалган.

«Баласын таштап, качууга аракет кылган». Милиция ымыркайы бар аялдын кармалышы боюнча айтты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>