Видео: Жарандарга баңгизат салып кармап, акча опузалап жүргөн милиционерлер кармалды

Видео: Жарандарга баңгизат салып кармап, акча опузалап жүргөн милиционерлер кармалды

Ош облусунда жарандарга атайылап баңгизат салып кармап, акча опузалоо менен алектенген кызматкерлер колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Баңгизат менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери кыздарды коркутуп, тигил же бул кишинин унаасына же жеке буюмдарынын арасына баңгизат салууга мажбурлашкан. Андан кийин ал кишилерди мыйзамсыз кармап, кылмыш ишин козгобошу үчүн акча опузалашкан. Ошол эле учурда кармоо фактысын каттоого албай, аларды милициянын ар кайсы бөлүмдөрүндө кармашкан.

Аталган факт боюнча УКМК милициянын ички иликтөө кызматы менен майор М.Э. жана лейтенант Т.И.ни кармады. Тинтүү учурунда алардан 2 таңгактагы өзгөчө жыты бар зат табылып алынып, экспертизага жөнөтүлгөн.

Алар убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>