Касымалиев кытайлык «Geely Auto Group» компаниясына барып, кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулады
Бүгүн, 24-сентябрда, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайдын Ханчжоу шаарында унааларды чыгарган «Geely Auto Group» компаниясынын башкы кеңсесине барып, ишкананын жетекчилиги менен жолукту.
Жолугушууда кыргыз делегациясына корпорациянын өндүрүштүк жана техникалык мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берилген. Сүйлөшүүлөрдө тараптар Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу жана унааларды тейлөө инфратүзүмүн өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, бул маселелерди изилдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүүнү макулдашышкан.
«Geely Auto Group» — 1997-жылы негизделген Кытайдын ири автоунаа чыгаруучу холдинги. Анын портфелине Geely, Lynk & Co, Zeekr, Volvo, Polestar, Proton жана Lotus бренддери, беш илимий-изилдөө борбору жана ондон ашык өндүрүштүк база кирет. Ишкананын продукциялары 100дөн ашык өлкөдө жана аймакта сатылат.






