Жапаровдун АКШдагы сапары: Кыргызстанда америкалык “Ситибанктын” филиалын ачуу меселеси каралды

22.09.2026 | 15:58
Жапаровдун АКШдагы сапары: Кыргызстанда америкалык “Ситибанктын” филиалын ачуу меселеси каралды — Новости Кыргызстана

Президент Садыр Жапаров АКШга болгон иш сапарынын алкагында Нью-Йорк шаарында «Ситибанктын» башкаруучу директору Стефани фон Фридбург менен жолугушту. Анда Кыргызстанда «Ситибанк» банкынын филиалын ачуу жана өлкөнүн мамлекеттик банктары менен жаңы корреспонденттик мамилелерди түзүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун алкагында эл аралык эсептешүүлөр, инвестициялык байланыштар жана кыргыз банктарынын эл аралык капитал рынокторуна чыгуусу сүйлөшүлдү. Атап айтканда, үстүбүздөгү жылдын апрель айында «Элдик Банк» Citigroup компаниясынын катышуусунда 500 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү еврооблигацияларын жайгаштырганы белгиленди.

Садыр Жапаров «Ситибанктын» өкүлдөрүнө «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолу, «Камбар-Ата-1» ГЭСи, «Асман» шаары жана «Ала-Тоо Резорт» долбоорлору тууралуу маалымат берип, кызматташууну сунуштады. Банктын өкүлдөрү өлкөдөгү мамлекеттик банктар менен байланыш түзүүгө жана долбоорлорго катышуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого даяр экенин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, «Элдик Банк» ААК жана «АБанк» ААКы «Ситибанк» менен кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандумдарына кол коюшту.

Маалымат үчүн: “Ситибанк” корпоративдик кардарларга, финансылык уюмдарга жана мамлекеттик түзүмдөргө кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири спектрин сунуштаган алдыңкы эл аралык финансылык институттардын бири. Банк 180ден ашуун өлкөдө жана юрисдикцияда өкүлчүлүгү бар Citigroup финансылык тобунун курамына кирет.

Scroll to Top