WhatsApp номерлердин ордуна колдонуучу аттарын киргизүүдө — кенен маалымат

01.07.2026 | 09:38
WhatsApp номерлердин ордуна колдонуучу аттарын киргизүүдө — кенен маалымат — Новости Кыргызстана

Meta компаниясы WhatsApp’та колдонуучулардын атын (usernames) колдонуу боюнча жаңы функция ишке киргизилгенин жарыялады. Бул функция телефон номерин бербестен эле башка адамдар менен баарлашууга мүмкүнчүлүк түзөт, деп айтылат компаниянын расмий билдирүүсүндө.

Жаңычылдык колдонуучулардын купуялуулугун жогорулатууга багытталган. Функция толук кандуу ишке киргенден кийин, эгерде аккаунттун ээси бул мүмкүнчүлүктү иштетсе, биринчи жолу байланышып жатканда маектештер телефон номерин эмес, тандалган колдонуучунун атын гана көрүшөт.

Ошол эле учурда, WhatsApp'ка катталуу мурдагыдай эле телефон номери аркылуу жүргүзүлөт, бирок ал башка колдонуучулардан жашыруун бойдон калат.

Компаниядан белгилешкендей, жаңы система өзгөчө жаңы адамдар менен таанышууда, компаниялар менен байланышууда, ошондой эле мурда телефон номери бардык катышуучуларга автоматтык түрдө көрүнүп калган тайпалык чаттарга (группаларга) кошулууда абдан пайдалуу болот.

Колдонуучунун атын азыртан эле ээлеп (брондоп) коюуга болот — бул үчүн WhatsApp'ты акыркы версиясына чейин жаңылап, "Жөндөөлөр" (Настройки) → "Аккаунт" → "Колдонуучунун аты" (Имя пользователя) бөлүмүн ачуу керек. Бирок username аркылуу баарлашуу мүмкүнчүлүгү жакынкы айлардын ичинде акырындык менен жеткиликтүү болот, ал эми функция өз өлкөсүндө ишке киргенден кийин колдонуучуларга тиешелүү билдирүү (уведомление) келет.

Компания системада колдонуучулардын ачык каталогу же ысымдар боюнча издөө функциясы болбой турганын баса белгилейт. Адамга биринчи жолу жазуу үчүн анын колдонуучунун атын так билүү зарыл. Мындан тышкары, коргоонун кошумча механизми — биринчи жолу кайрылууда кошумча текшерүү катары колдонула турган атайын ачкыч (username key) каралган.

Контент авторлору, уюмдар жана бизнес үчүн Meta бардык сервистеринде бирдиктүү санариптик брендди сактап калуу максатында, Facebook же Instagram'да колдонулуп жаткан аттарды өздөрүнө бекитип алуу мүмкүнчүлүгүн да караган.

Жаңы система WhatsApp’тын тарыхындагы эң көрүнүктүү өзгөрүүлөрдүн бири болуп калды. Анткени бул тиркеме узак убакыт бою өз ишин жалаң гана колдонуучунун телефон номерине негиздеп келген. Meta’нын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча мессенжерди үч миллиарддан ашуун адам колдонот.

Scroll to Top