КР Билим берүү министрлиги пенсия курагындагы мугалимдерди эмне күтүп жатканын түшүндүрдүКыргызстандыктарга Казакстанга кирүү үчүн уруксат талап кылынат — жаңы эрежелерКыргызстанда ИИМдин жаңы имараттары ачылып, милициянын автопаркы жаңыландыБишкекте 18 жаштагы кыз 15 кабаттуу үйдүн терезесинен кулап түштүПольшанын премьери орусиялык боттор тууралуу билдирди, ал эми оппозиция өкмөттүн отставкасын талап кылуудаBinance хакердик чабуулдан кийин колдонуучулардын чыгымдарынын 90%ын жапканын билдирди
УКМКда жана Башкы прокуратурада жетекчилер алмашты — кенен маалымат
01.07.2026 | 09:57
Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койгон.
Мамлекет башчынын башка жарлыгы менен Максат Асаналиев КР УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Анын талапкерлиги УКМК төрагасы кызматына дайындоону макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.
Белгилей кетсек, буга чейин Асаналиев Кыргызстандын башкы прокурору кызматын ээлеп келген. Ага чейин Садыр Жапаров анын берген арызынын негизинде отставкасын кабыл алган.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү. Тиешелүү тескемеге президент кол койду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом