Быйыл январда мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 2 млрд 11,8 млн сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал акчанын 1 млрд 168,5 млн сому тышкы карызды, 843,3 млн сому ички карызды төлөөгө жумшалган.
Эске салсак, 2022-жылдын декабрында Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5,5 млрд долларды түзгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз