Ош менен Баткенде өндүрүш жаатындагы инвестициялык долбоорлор ишке ашууда

КРдин Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин өкүлдөрү Баткен жана Ош облустарындагы өндүрүш жаатындагы инвестициялык долбоорлордун жүрүшүн текшеришти. Аталган долбоорлор аймактардын өнөр жай дараметин жогорулатууга жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.
Агенттиктин маалыматында, алгач өкүлдөр Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы курулуш аралашмаларын чыгарууга багытталган инвестициялык долбоорду текшеришти. «Асыл холдинг» ЖЧКсынын кубаттуулугу суткасына 60–70 тонна продукция өндүрүүгө жетет.

Андан кийин агенттиктин өкүлдөрү Оштун Ноокат районунун Алмалык айылында кыш заводун куруу долбоору менен таанышышкан. Завод «Чыгыш курулуш материалдары» ЖЧКсы тарабынан курулууда. Ишкана үчүн 9 гектар жер тилкеси бөлүнгөн. Долбоордун жалпы баасы 6,5 млн АКШ долларын түзөт жана ал жеке инвесторлор тарабынан каржыланууда.
Учурда заводдун негизги жабдуулары жеткирилип, монтаждоо иштери жүрүп жатканы айтылды. Кыш бышыруучу мештин курулушу аяктаган. Завод жылына 20–30 млн даана кыш чыгарууга ылайыкталат.