Баткен облусунун аймактарында селден коргоочу объектилер курулууда

11.06.2026 | 11:19
Баткен облусунда селден коргоочу объектилер курулууда

Баткен облусунун бир катар аймактарында селден коргоочу бетон тосмолорду жана дамбаларды куруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев жана президенттин Баткен облусундагы өкүлү Мамыржан Рахимов курулуп жана пландалып жаткан объектилердин абалы менен таанышкан.

Маалыматка ылайык, учурда Кызыл-Кыя шаарында Жал-Сай сел өткөрүүчү сайынын 564 метр тилкесине бетон тосмо курулууда. Долбоор президенттин Турукташтыруу фондунан каржыланууда.

Ал эми Кадамжай районунун Тегирмеч айылынын Күзгү-Мазар участогунда дамба куруу пландалууда. Жетекчилер долбоордун техникалык чечимдерин карап, курулушту баштоо тапшырмасын беришкен.

Ошондой эле Айдаркен шаарында сел өткөрүүчү сайдын 2 чакырымдык бөлүгүнө канал куруу зарылдыгы айтылып, документтерди даярдоо тапшырылган. Мындан тышкары жетекчилер Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында сел өткөрүүчү сайдын жээгин бекемдөө долбоорун карап чыгышкан.

Scroll to Top