Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Кыргызстан Өзбекстандан 16,7 миң тонна жүзүм сатып алган
18.11.2022 | 17:18
Быйыл он айда Кыргызстан Өзбекстандан 16,7 миң тонна жүзүм сатып алган. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин Статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл январь-октябрь айларында Өзбекстан 51 өлкөгө 216,6 млн долларга 245,2 миң тонна жүзүм саткан. Ал былтыркыга караганда 41,6 миң тоннага көп.
Өзбекстан жүзүмдү эң көп саткан өлкөлөр:
— Россия – 140 миң тонна
— Казакстан – 48,8 миң тонна
— Кыргызстан – 16,7 миң тонна
— Кытай – 7,3 миң тонна
— Түркия – 5,9 миң тонна
— БАЭ – 4,8 миң тонна
— Беларусь – 3,8 миң тонна
— Азербайжан – 2,6 миң тонна
— Ирак – 2,2 миң тонна
— Иран – 1,9 миң тонна
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом