Ырчы Асель Кадырбекова сакайып, ооруканадан чыкты

Ырчы Асель Кадырбекова сакайып, ооруканадан чыкты

Ырчы Асель Кадырбекова сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу өздүк булактарына таянып, “Bars Media” маалымат агентигин жазды. 

Маалыматка ылайык,  ырчы азыр үйүндө апасынын, жолдошунун жана жакындарынын камкордугунда. Кадырбекованын абалы учурда жакшы экендиги, бирок, толук калыбына келүүгө убакыт керектелет. 

Эске салсак, Асель Кадырбекова үстүбүздөгү жылдын 26-июнь күнү Бишкек шаарында жол кырсыган кабылган. Анын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жаткырылган. Жабыркагандардын бири Асель Кадырбекованын абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, кийинчирээк ага операция жасалган. 

Ал эми, Бишкек ШИИББи кырсыкка себепкер болгон ГБР унаасынын айдоочусун Свердлов райондук соту тарабынан 1 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечими чыкканын маалымдаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>