«Жети-Өгүз» санаторийин реконструкциялоо иштери 2027-жылдын жазында бүтөтКумайык» борборунда мобилдик ветклиника пайда болдуСыймык Жапыкеев президенттикке талапкерлигин көрсөтүү үчүн БШКга арыз бердиБишкекте Роза Айтматованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттүКыргызстанда 2027-жылдан тарта айрым пенсиялар жогорулайтИзраилдеги шайлоо: рекорддук катышуу, бирок эч бир блок көпчүлүккө ээ боло алган жок
Бишкектеги жаңы светофорлор: айдоочулар эмнени билиши керек
27.08.2026 | 10:12

Бишкекте жаңы типтеги кошумча секциясы бар светофорлор пайда болду. Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы (МККБ) айдоочуларга алардан өтүү эрежелерин, жаңы светофорлордогу кошумча секциянын кызыл тегерек сигналы эмнени түшүндүрөрүн жана кайсы багыттарга жүрүүгө уруксат экенин түшүндүрүп берди.
Мекемеден билдиришкендей, эгерде негизги светофордо жашыл жарык күйүп турса, бардык багыттарга — түз, оңго, солго жана артка бурулууга (кайрылууга) уруксат берилет. Ошол эле учурда, негизги светофордун жанында жайгашкан кызыл тегерек сигнал негизги жашыл жарык күйүп турганда жүрүүгө тыюу салбайт. Ал болгону кошумча секциянын бар экенин гана билдирет.
МККБ айдоочуларды мындай светофорлорду уруксат берилген багыттар жебе (стрелка) менен көрсөтүлгөн контурдук светофорлор менен чаташтырбоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом