Ырчы Иса Өмүркулов бейбаштыкка шектелип милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Reporter.kg′ге өздүк булактар билдирди.
Маалым болгондой, ырчы азыр наркологиялык борбордо.
Жалпыга маалымдоо каражаттары ырчы борбор калаадагы кафелердин биринде ичип-жегенинин акчаларын төлөөдөн баш тартканын жазышкан.
Ал маалыматтарда, Бишкек шаарындагы Koreana кафесине кыздар менен отурган. Башында кыздардын ичип-жегендерин толугу менен ырчы төлөмөй болгон. Бирок, эс алып бүтүп, кетээринде каражатын төлөөдөн баш тарткан. Окуя болгон жерден милиция чакырышкан, милиция кармап кеткен.