Ырчы Рустам Сагыналиев операцияга муктаж

Ырчы Рустам Сагыналиев операцияга муктаж

Ырчы Рустам Сагыналиев боор циррозунун оор түрүнө чалдыкканына байланыштуу операцияга муктаж. Бул тууралуу ырчы Аскат Мусабеков «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Мусабеков Сагыналиевдин операциясы Индияда жасала тургандыктан, кайдыгер эмес жарандардан каражат топтоого жардам берүүнү суранган.

«Урматтуу өнөр сүйгөн кыргыз журту, кыргыздын таланттуу уулу, ырчы, аткаруучу, Улуттук филармониянын солисти Рустам Сагыналиев боор циррозунун оор түрүнө чалдыкканына байланыштуу Индиядан операция жасатууга аргасыз болуп жатат. Жалпы элден жана колдоо күтөбүз.

«Жакшылыкты бөлүшсөн көбөйөт, кайгыны бөлүшсөн азаят» дейт элибиз. Рустам Сагыналиевдин башына түшкөн кайгыны тең бөлүшүп, колдоп берүүңүздөрдү сурайбыз», — деп жазды ал.

Ал билдиргендей, донордон тышкары, 30 миң доллар керектелүүдө.

МБанк жана ЭЛСОМ: 0554 121 255 (Чыңгыз Мырзаев)

Оптима банк: 4169 5853 4035 8968 (Аманбек Каныбеков)

Ошондой эле каражат топтоо максатында 9-февралда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда кайрымдуулук концерти өтөт.

Концертке «Эл шайырлары», «Эл ырчысы Эстебес» топтору, «Манас» театры жана жоон топ эстрада ырчылары катышат.

Билет баасы: 1000 сом.

Сурап билүү телефотелефондору:

0551 202 920, 0703 202 920 (Нурэл)

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>