Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет

Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга келет

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 26-27-январда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

“Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөр пландалууда.

Өлкө лидерлери тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн кеңири чөйрөсүндөгү маселелерди, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат. Мындан тышкары бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.

Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алдында эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланышты чыңдоого багытталган кыргыз-өзбек бизнес форуму өтөт”, — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Белгилей кетсек, Мирзиёев 2022-жылдын 10-декабрында Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк. Бирок анын иш сапары кийинкиге жылдырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>