Бишкекте $80 миң байге фонду менен UmutDoc кинофестивалы өтөтКыргызстанда абанын булганышына мониторинг жүргүзүү үчүн жаңы метеорологиялык жабдык ишке кирдиКыргызстандыктардын кирешеси 2026-жылдын биринчи чейрегинде 18,7%га өстүПрофилге чейинки даярдоо: 8-класстар үчүн «Гуманитардык навигатор» программасы киргизилетКыргызстандын туризмине салынган инвестициялар бир жылда дээрлик 8 эсеге өстүБишкекте Бакаев көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоого жабылат
Ырыскелди Хамзаев Албаниядагы мелдеште коло утту
03.03.2025 | 09:20
Кыргызстандын грек-рим балбаны Ырыскелди Хамзаев Албанияда өткөн Muhamet Malo рейтингдик мелдешинде коло байге утту.
Хамзаев 72 кг салмакта күрөшүп, 2-мартта килемге чыкты.
Ал таймышты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде түркиялык Селчук Жанды жеңди. Андан кийин норвегиялык Ларс Летвикти утту. Жарым финалда түркиялык Мехмет Сахын менен күч сынашып, бирок жеңилип, коло үчүн күрөшө турган болду.
Үчүнчү орун үчүн беттеште Хамзаев болгариялык Иво Илиевди жеңип, коло мелаль утту.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт