Ырыскелди Максатбек уулу Азия чемпионатында коло утту

Ырыскелди Максатбек уулу Азия чемпионатында коло утту

Кыргызстандын грек-рим балбаны Ырыскелди Максатбек уулу Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында коло байге утту.

25-мартта келимге чыккан Максатбек уулу 77 кг салмакта күч сынашты.

Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи кармашында тажикстандык спортчуну 8:0, андан кийин чейрек финалда түркмөнстандык балбанды 10:2 эсебинде жеңди.

Финалга чыгуу үчүн ирандык спортчу менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилип калды.

Жыйынтыгында ал коло үчүн Кытайлык Тайбейдин балбаны Лай Яо менен менен күрөшүп, беттештин биринчи бөлүгүндө атаандашынын тушеге басып, жеңишке жетти.

Ырыскелди Максатбек уулу Кыргызстанга бул мелдештеги биринчи медалды алып келди. Кечээги таймаш күнүндө килемге чыккан дагы төрт балбан байгесиз калды.

Белгилей кетсек, 25-мартта башталган күрөш боюнча Азия чемпионатына 30-мартта аяктайт. Мелдештин биринчи жана экинчи күнүндө грек-рим балбандарынын таймаштары өтөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>