«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Бишкекте дипломатиялык кайрымдуулук жарманкеси өтөт
11.06.2026 | 16:27

13-июнда Бишкектеги Ынтымак-2 сейил багында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата салттуу дипломатиялык жарманке уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Иш-чара министрлик тарабынан чет мамлекеттердин элчиликтеринин жана эл аралык уюмдардын колдоосу менен өткөрүлөт. Жарманкеде дүйнө элдеринин улуттук сувенирлери, кол өнөрчүлүк буюмдары сатылып, салттуу тамак-аштар сунушталат.
Сатуудан түшкөн бардык каражаттар кайрымдуулукка жумшалат. Жарманке саат 15:00дөн 19:00гө чейин созулат. Уюштуруучулар шаардыктарды жана конокторду аталган кайрымдуулук акциясына катышууга чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом