Капчыгайлар, токойлор, булактар: Ысык-Көл өрөөнүндө эмнелерди көрсө болот?«Асман Эйрлайнс» Ташкенттен Ысык-Көлгө түз авиакаттам ишке киргизүүдөДастан Бекешев алдамчылыктын алдын алуу боюнча борбор түзүүнү сунуштадыАпрель айында кыргызстандыктар рекорддук суммада насыя алышты — майда көрсөткүч төмөндөдү«Манас» аэропорту ири логистикалык операторлордун биринен келген жүк агымдарын кабыл алатКара-Кечеге баруучу көпүрө бузулду: «Кыргызкөмүр» айдоочуларга кайрылды
Ысык-Атада жол кырсыгынан 4 адам жаракат алып, жаш бала каза тапты
17.09.2020 | 09:45
Ысык-Атада 2 жол кырсыгынан 1 бала каза болуп, 4 адам ооруканага түштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-сентябрь күнү саат 16:08де Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунун 47-чакырымында (Кең-Булун айылы) “Mazda 626” жана “Seat” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсыктын кесепетинен 1 жаш бала (аты-жөнү такталууда) каза болуп, 4 адам жабыркаган (1986-жылы туулган, 1993- жылы туулган, 1985- жылы туулган – эркек адамдар, 1960- жылы туулган аял киши).
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар